Кийинки жылдан тарта Ысык-Көлдө пансионат, конок үй кургандарга талап күчөйт. Президент “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Документке ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тарта аймактагы пансионаттарды инженердик коммуникация жана курулмалар менен камсыздабай иштетүүгө тыюу салынат.
Жарлыктын алкагында Министрлер кабинети үч жылга Ысык-Көлдү коргоо жана анын биосфералык зонасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө байланыштуу программа даярдап, аны бекитүүгө милдеттендирилди.