Жаңылыктар
Ысык-Атада "акылдуу күнөскана” ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Атада "акылдуу күнөскана” ачылды

Ысык-Ата районунда "акылдуу" күнөскана курулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев жана жашылча-жемиштер боюнча кластердик бирикменин жетекчиси Манас Белошаров кластердик бирикменин жаңы катышуучусуна - "In Water Solutions Agro" жоопкерчилиги чектелген коомдун жашылча жана кулпунай чыгаруучу компаниясына барышты. 

Министрдин орун басары күнөскана продукциясын өстүрүү шарттарына, анын ичинде тамчылатып сугаруу, суюк жер семирткичтер жана гидропоникага өзгөчө көңүл бурду. Кластердик бирикменин жетекчиси, өз кезегинде, катышуучулар үчүн критерийлердин бири - компаниянын фермерлер менен тыгыз кызматташтыгы, тажрыйба алмашуу жана жаңы технологияларга окутуу жүргүзүлгөнүн билдирди. 

Түштүк Кореянын өкүлдөрү менен биргеликте жаңы технологияларды колдонуу менен курулган "акылдуу күнөскана" 5,3 га аянт жерди ээлейт. Учурда күнөсканада 80ден ашык адам эмгектенет, ал эми кадр жетишсиздиги агрардык университет менен сүйлөшүлүүдө.