Жаңылыктар
Бишкекте 9-майда “Өлбөс полк” акциясы өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте 9-майда “Өлбөс полк” акциясы өтөт

9-майда Бишкекте “Өлбөс полк” акциясы өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Анын айтымында, акыркы эки жылда пандемиядан улам акция онлайн өткөрүлүп келген, ал эми быйыл жүрүш кадимки тартипте өтөт. Ал мэрия иш-чараны уюштуруу иштери менен алектенип жатканын белгиледи.