Жаңылыктар
Эртең КТРКда саат 18:00 дө “Геннадий Базаровго арналган (Урандылар фонундагы портрет)” аттуу фильм көрсөтүлөт
УТРК жаңылыктары
Эртең КТРКда саат 18:00 дө “Геннадий Базаровго арналган (Урандылар  фонундагы портрет)” аттуу фильм көрсөтүлөт

Фильм кинорежиссер, Кыргыз Эл артисти,Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмери Геннадий Базаровдун 80 жылдыгына арналган.  

Геннадий Базаровго арналган фильм Кыргыз киносунун ардагерлери жөнүндөгү алгачкы фильмдерден болуп саналат. Картинанын автору Марат Сарулу салттуу жанр болуп калган фильм-интервьюнун негизинде жаңы ачылышты жарата алган. Бул максатка жетүү үчүн фильм-интервьюнун даректүү стилистикасы менен символикалуу көркөм контексти бир бүтүмгө бириктирилген. 

Геннадий Базаровго берилген суроолордон социалдык кыйроолор болбосо дагы 2005 жана 2010-жылдардагы, андан кийинки 2020-жылдагы 3-революциянын алдындагы өлкө туш болгон элдик чоң кайгы сезилип турат. Өз кезегинде Базаров тарабынан айтылган ачык жооптор испаниянын Гернекисине үндөшүп турган көз карандысыздыктын 30 жылы ичиндеги кыйроого учураган өлкөнүн маданий, көркөм, моралдык, социалдык-саясий ландшафын ой-жүгүртүү аркылуу бере алган.

Фильм эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүндө Базаров менен болгон маекти “Минотавромахии” графикалык көргөзмөсү коштоп, а экинчи бөлүгүн Пабло Пикассонун “Герникасы” толуктап турат. Демек, мында Базаровдун кеби ааламдык маданий өңүттөн айтылып, а анын ой - жүгүртүүсү улуу испан сүрөткеринин тынчсыздануу сезими жана ойлору менен үндөшүп турганы байкалат.

Даректүү визуалдуу катардын кошумча ченемин табуу өңдүү өзгөчө милдет өткөн кылымдын 60 – жылдарындагы “кыргыз кереметинин” акыркы классиктеринин бири Геннадий Базаровдун азыркы мезгилдин көйгөйлөрүн аңдап - билүүгө болгон аракети менен чыгармачылыгын ачып берүүгө мүмкүнчүлүк ачкандыгында.

Режиссеру жана сценарийдин автор - Марат Сарулу

Оператордук топ - Жорж Хамицкий, Нурдин  Карагулов, Максим Миркурбанов

Монтаж жана жарыкты жөнгө салуучу - Азат Мамунов
 Директор – Автандил Абышкаев

 Продюсер - Нуржан Токомбаева

Чыгарылышы - 2021