Улуттук Госпиталдын дарыгерлери эки күн мурда көбөйтүлгөн айлыктарын алышты.
Маселен, кенже медициналык кызматкерлер март айында 12 миң сомдун тегерегинде айлык алган болсо, апрель айы үчүн аларга 17 миң сомдон ашык чегерилди. Ал эми бардык категориялары бар дарыгер-анестезиолог март айында 23 миң сомго жетпеген айлык алса, үстүбүздөгү ай үчүн ага 36 миң сом маяна чыккан.