Жолугушууда түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий алмашууну тереңдетүү жаатында Кыргызстан менен ТҮРКСОЙдун кызматташуусу тууралуу маселелер талкууланды. Мамлекет башчысы Султан Раевди ТҮРКСОЙ - Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун Башкы катчысы болуп дайындалышы менен куттуктады.