Жаңылыктар
Өлкө аймагында жол кырсыктарынын саны 13 пайызга азайды
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө аймагында жол кырсыктарынын саны 13 пайызга азайды

Кыргызстанда 2022-жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгы менен жол кырсыктарынын саны 13 пайызга азайды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыктары эң аз дегенде 50 пайызга азайышы керек. Быйыл үч ай ичинде 1 миң 366 жол кырсыгы катталып, каза болгондордун саны 110го жеткен. Ошондой эле 2 миң 79 жаран жол кырсыгынан улам ар кандай жаракаттарды алышкан. Айылдык милиция бөлүмчөсүнөн баштап борбордук аппаратка чейинки бардык кызматтарга жол кырсыктарына бөгөт коюуну колго алуу тапшырылды. Жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн авто-мектептерде окутуу процессин өркүндөтүп, айдоочулук күбөлүк алууга келген жарандардан экзамен алууда дыкат карап, алардын арасынан күбөлүк алууга теория жана практика жагынан даяр эместерин аныктап, кайра авто-мектептерге окууга жөнөтүү керектиги эскертилди.