Жаңылыктар
Тоолуу аймактагыларга компенсация тууралуу мыйзам артка чакыртылды
Кыргызстан жаңылыктары
Тоолуу аймактагыларга компенсация тууралуу мыйзам артка чакыртылды

Өкмөт "Бийик тоолуу жана шарты катаал аймактарда иштеп, жашаган тараптарга кенемте берүү жана мамлекеттик кепилдик" жөнүндө мыйзамды артка чакыртып алат. 

Мындай чечим министрликтер менен мекемелердин жетекчилеринин катышуусундагы өкмөт жыйынында кабыл алынды. Мыйзам долбоору 2014-жылы Жогорку Кеңештин тапшырмасы менен Эмгек министрлиги тарабынан иштелип чыккан. 

Кеңешме учурунда Темир Сариев, мыйзам долбоору климатык шарты катаал бийик тоолуу аймактардагы калкты социалдык жактан даректүү колдоого багытталышы керектигин белгилеп, бардык маселелерди эске алуу менен Эмгек министрлигине мыйзам долбоорун кайра чакыртып алып, дыкат иштеп чыгуу тапшырылды.