Мектеп бүтүрүүчүлөрүн жалпы республикалык тестирлөө 24-майда башталат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, сынактын 1-этабы 24-25-майда, 2-этап 27-28-майда, ал эми үчүнчүсү 24-25-июнда өтөт.
Акыркы этапка негизги тестирлөөгө жүйөөлүү себептер менен катыша албай калгандар катталат. Ведомстводон эскертишкендей, жогорку окуу жайларга өтүүнүн босого упайы 110, предметтик тестте 60 бойдон калды.
Белгилеп кетсек, быйыл Кыргызстанда 68 миңден ашык окуучу мектепти аяктап жатат.