Жаңылыктар
Түркмөнстандын Президенти Кыргызстан элин жана Президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Түркмөнстандын Президенти Кыргызстан элин жана Президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстан элин жана Президенти Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады. 

«Жогорку руханий баалуулуктардын — гуманизмдин, кайрымдуулуктун, боорукердиктин жана адеп-ахлактык тазалыктын символу болгон бул жаркын майрам бүткүл мусулман коомчулугунда өз ара урматтоону жана түшүнүүнү, ынтымакты жана тынчтыкты чыңдоого жардам берет деп терең ишенем», — деп айтылат Сердар Бердымухамедовдун куттуктоосунда. 

Түркмөнстандын Президенти Президент Садыр Жапаровго бекем ден-соолук жана бакыт, ал эми Кыргызстан элине — тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү каалады.