Жаңылыктар
Биримдигибиз ынтымакта
УТРК жаңылыктары
Биримдигибиз ынтымакта

КТРКнын Достук радиосу ынтымактын жарчысы. Аптанын дем алыш күндөрү радионун толкунунда “Биримдигибиз ынтымакта”- деген ураан менен ар улуттун өкүлдөрү мейман болгон кызыктуу программалар өтүүдө. Бул жолку берүүнүн коноктору уйгурлардын «Иттипак» коомунун өкүлдөрү, диаспоранын бийчилери менен ырчылары болду. 

Берүүлөр улуттардын достугун, биримдигин чыңдоо жана эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына, ошондой эле быйылкы жылдагы ири маданий иш-чараларга байланыштуу уюштурулууда. Студиянын меймандары улуттук аспап дутардын коштоосунда ырдап, бийлеп шаңга бөлөштү. “Итиипак” коому Кыргызстанда 1989-жылдан бери иштеп келет.