Жаңылыктар
Нарын облусу: жан кейиткен жол
Аймак
Нарын облусу: жан кейиткен жол

Баетов-Терек жолунун өтө начар абалы айдоочуларды гана эмес, жүргүнчүлөрдү да убайымга салып бүттү. Айрыкча, бейтаптарды район борборундагы ооруканаларга жеткирүүдө 5 чакырым жолду басып өтүү кыйла убакытка айланат. Жаздын күнү ала-шалбыртта же жаан жааган күнү, айдоочуларда кыямат башталат.