Жаңылыктар
4-6-май күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
4-6-май күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

Билдирүүгө ылайык, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, 4-майда күндүз жана 5-майда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.