Жаңылыктар
Өлкө аймагындагы нөшөрлүү жамгырдан кийинки селдин кесепеттери
Өзгөчө кырдаал
Өлкө аймагындагы нөшөрлүү жамгырдан кийинки селдин кесепеттери

3-май күнү саат 16:30 чамасында катуу жааган жаандан улам Ош облусунун Корул, Жошолу, Коңур-Дөбө жана Гүлчө айыл аймактарында сел жүргөн. 

251 турак жайдын короолорун сел каптаган. Мунун ичинен 34 үйдүн жана 1 орто мектептин имаратынын жертөлөсү, 1 ФАПты каптап, 15 баш кой, 8 уй, 3 жылкыны агызып кеткен. 4 ички чарбалык көпүрө жараксыз абалга келип, 6 электр мамычасы жабыркап, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. 

Ал эми өткөн түнү Талас облусунун Бакай-Ата районунда жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары каналга батпай Оро айыл аймагынын Биринчи май айылындагы турак жайларга коркунуч жараткан. 

Нарында таңга маал саат 04:30 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен шаардагы арыктарга суу батпай Ленин көчөсүндө 1 турак үйдүн короосун каптаган. 

Жер-жерлерде ӨКМдин куткаруучулары иш алып барууда.