Республиканын түштүк аймактарында кыска мөөнөттө нөөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүргөн. Мындан улам мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын инфраструктурасы ири материалдык чыгымга учурады. Ички жолдор, эгин талаалар, 200дөн ашык үйдүн короосун сел каптап, бир нече көпүрө ураган.
Буга чейин суу ташкындары көп катталган мезгилдин башталышында Министрлер Кабинетинин буйругу менен мамлекеттик Жарандык коргонуу системасы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөрүлгөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сел кооптуулугу жаралган мезгилде сак болууга чакырат.