Жаңылыктар
Кумтөр иши боюнча кылмыштардын эскирүү мөөнөтү жокко чыгарылат
Саясат
Кумтөр иши боюнча кылмыштардын эскирүү мөөнөтү жокко чыгарылат

Кумтөр иши боюнча кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн жокко чыгаруу бул багыттагы коррупциялык иштерди жоюуга шарт түзүп калат. Мындай пикирин жергиликтүү эксперттер билдирүүдө. Алардын айтымында, бул норманын баш мыйзамга киргизилип жатканы - алтын кендин ишмердигине эч кандай таасирин тийгизбейт. Тескерисинче, келечекте келишимдерди даярдоо жана чечимдерди кабыл алуудагы укук бузууларга чекит коет.

Кумтөр келишимин даярдоодо жана өлкө кызыкчылыгына каршы келген чечимдерди кабыл алууга катышкан жогорку кызмат адамдарына эми кылмыштын эскирүү мөөнөтү болбойт. Мындай норма Конституциянын өзгөртүлүп жаткан жаңы редакциясына киргизилүүдө. 

Адистер Кумтөр ишиндеги кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн жокко чыгаруу бул багыттагы коррупциялык иштерди жоюуга өбөлгө болорун айтышат. Бул норманын баш мыйзамга киргизилип жатканы - алтын кендин ишмердигине эч кандай таасирин тийгизбейт. Тескерисинче, келечекте бул өңдүү келишимдерди даярдоо жана чечимдерди кабыл алуудагы укук бузууларга чекит коет. 

Мурдагы бийликтер учурунда Кумтөр келишиминде бекем коррупциянын өзөгүн түптөп кетишкен. Маселен, экономисттер канадалыктар Кумтөрдөн ушул кезге чейин 340 тоннадан ашык алтын казышканын эсептеп чыгышкан. Эгер 1 грамм алтынды 30 доллардан эсептегенде эле, бул убакыт ичинде инвесторлор ал жерден 11 млрд доллардан ашык каражат табышты.