Жаңылыктар
Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү
Чек ара
Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү

Мамлекеттик чек араны делимитация жана деморкация маселелери боюнча өкмөттүк комиссиянын отуруму өттү. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин билдиришинче чек араны тактоо боюнча иштер үзгүлтүксүз уланууда. 

Коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр байма-бай жүргүзулүп эки тараптуу комиссиялардын иши токтогон жок.

Чек араны чечүүдө тынчтык жана сүйлөшүү менен маселени жөнгө салуу негизги багыт экендигин Ташиев белгиледи. Анын айтымында ушу тапта өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.