Жаңылыктар
Мамлекеттик тилди кыргызтест аркылуу өнүктүрөбүз
Билим
Мамлекеттик тилди кыргызтест аркылуу өнүктүрөбүз

Мамлекеттик тилди кыргызтест аркылуу өнүктүрөбүз. Мындай ураандын астында өткөн илимий-практикалык семинар, 23-сентябрь мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулган. Айта кетсек, кыргыз тилин өнүктүрүүгө багытталган кыргыз тест системасынын алгачкы этабында эле өз жыйынтыгын берип баштады.

Элдар Аттокуров Билим берүү министрлигинде эмгектенет. Мурда компьютер менен иштөөдө баардык программалар орусча болсо, азыр министрликке келген кайрылуулардан бери мамлекеттик тилге өтүп баштаган. Мындай демилгени биринчилерден болуп баштаган билим берүү жана илим министрлиги, жыл башында атайын мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча бөлүм ачып койду.

Мына ушундай тоскоолдуктарды жана мамлекеттик тилди ана-үйрөнөм, мына үйрөнөм деп чыгына албай жүргөндөргө эми жакшы шарттар жаралып калды. Анткени каалоочулардын баардыгы билим берүү министрлигинин астында түзүлгөн “Кыргызстест” системасына келип, кыргыз тили боюнча тест тапшырып, канчалык деңгээлде билээрин аныктап алса болот.

Эми ар тараптуу этаптарга бөлүнгөн тестирлөө эмдиги жылдан тарта, мектеп окуучуларынан баштап, баардык мамлекеттик ишкана-мекемелердин кызматкерлери үчүн өткөрүлүп баштайт. Себеби ушул, Кыргызстанда кыргыз тилин мыкты билүүгө муктаждык жаралды. 

Айта кетсек, былтыр 2014-2020-жылдар ичинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү Улуттук программасы кабыл алынган. Анда “Кыргыз тест” системасынан милдеттүү өтүү каралган. Ал эми мамлекеттик тил мыйзамы сакталбаган убакта жана жыл ичинде мыйзам бузуу кайталана берсе жеке адамдарга 5 миңден 10 миң сомго чейин, укуктук жактарга 20 миңден 50 миң сомго чейин айып пул салуу каралган.