Жаңылыктар
Селдин кесепеттерин жоюу аракеттери көрүлүүдө
Өзгөчө кырдаал
Селдин кесепеттерин жоюу аракеттери көрүлүүдө

Республиканын аймактарында жүргөн селдин кесепетин жоюу үчүн Жарандык коргонуу комиссиясы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу, куткаруучулар, ИИМдин кызматкерлери тартылган. Президент Садыр Жапаров жабыркаган үйлөр жакын арада калыбына келтирилээрин билдирди.

Селдин кесепетин жоюу үчүн ӨКМ бөлүмдөрү, Жарандык коргонуу кызматтары жана жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бардык керектүү оор инженердик техникалар өзгөчө кырдаал орун алган аймактарга мобилизацияланып, калыбына келтирүү иштерин аткарып жатат, ошондой эле керектүү товардык-материалдык каражаттар менен камсыздалган. Бардык ыкчам иш-чаралар министрлер кабинетинин тыкыр көзөмөлүндө.