Жаңылыктар
Алай, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда жүргөн сел 200дон ашуун турак жайга зыян алып келди
Өзгөчө кырдаал
Алай, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда жүргөн сел 200дон ашуун турак жайга зыян алып келди

Акыркы 3 күндүн ичинде жүргөн сел Алай, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда 200дон ашуун турак жайга зыян алып келди. Бир канча социалдык объектилерге суу кирген. Ылай, таш, шагылга толгон чарбаларда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн жарандык коргонуу комиссиясы жеринде күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Ыкчам топтор, куткаруучулар жана оор техникалар тартылган. Жолдор тазаланып, кыйраган түркүктөр калыбына келтирилди.