Жаңылыктар
"Мурас" достук футбол мелдешинин байгеси балдар жана карылар үйүнө берилет
Спорт
"Мурас" достук футбол мелдешинин  байгеси балдар жана карылар үйүнө берилет

"Мурас" достук футбол мелдеши аяктады. Бишкекте өткөн достук турниринин 1 млн сомдук байгеси балдар жана карылар үйүнө берилет. 

Жеңүүчү "Президенттин администрациясы" командасы болду. Финалда мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун командасы Жогорку Кеңештин курама командасын утуп алды. 

Ал эми үчүнчү орун үчүн болгон беттеште "Алга" клубунун ардагерлери "Ыйман" командасын пенальти сериясында жеңип чыкты.