Жаңылыктар
Кыргызстандын жарандары үчүн Россиянын аймагына кирүүгө коюлган чектөө алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын жарандары үчүн Россиянын аймагына кирүүгө коюлган чектөө алынды

Кыргызстандын жарандары үчүн Россиянын аймагына кирүүгө коюлган чектөө алынды. Чектөө 16-майдан тартып күчүнө кирет жана эки өлкөнүн жарандарына тең тиешелүү болот. 

Тагыраагы он күндөн кийин Кыргызстандын жарандары Россияга, Россиянын жарандары Кыргызстанга эч кандай чектөөсү жок кирип, чыга алышат. Тиешелүү чечимди эпидемиологиялык абалдын турукташуусун эске алуу менен орус өкмөтү кабыл алды. 

Белгилей кетсек, бул маселе 2022-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында өткөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-отурумунда талкууланган. 

Өкмөттөр аралык комиссиянын ишине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук катышкан.