Жаңылыктар
Парламентте өкмөттүк саат
Саясат
Парламентте өкмөттүк саат

Парламентте өкмөттүк саат. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков чет жакта иштеп жүргөн мигранттардын укугун коргоо, жол коопсуздугун камсыздоо менен жол кырсыктарынын алдын-алуу боюнча көрүлүп жактан чаралар жана “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча аткарылып жаткан жумуштар туурасында маалымат берди. Жыйынга өкмөттүн толук курамы катышты.

Өкмөт башчынын айтымында ЕАЭБге кирип мигранттардын шарты жакшырганы менен маянасын ала албай кыйналгандар, алдангандар жок эмес. Мунун баары чет жактын мыйзамын сактабагандыктан, убагында эмгек келишимдери түзүлбөгөндүктөн келип чыгууда. Дагы бир көйгөй “кара тизме”. Сооронбай Жээнбеков өкмөт ЕАЭБ аймагында ишке орноштуруу маселесин чечүү аракеттерин көрүп жатканын билдирди. 

Өлкөдө жол кырсыгынан жылына жүздөгөн адам өмүрү менен кош айтышууда. Жыл башынан бери эле 4 миңге чукул жол кырсыгы катталып, 600дөй адам каза болгон. Бул көйгөйдү чечүү максатында өкмөт жол коопсуздугун бузгандарга карата айып пулдун өлчөмүн жогорулатканы турат. Тиешелүү мыйзам долбоор жакында иштелип чыгып, Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт. 

Жээнбеков жол коопсуздугун камсыздоого Бишкек мэриясы 30 млн сомдук каражат бөлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында бул каражатка жол эрежесин көзөмөлдөгөн видео камералар орнотулат. Эл өкүлдөрү “Коопсуз шаар” долбоорун создуктурбай ишке киргизүүнү демилгеледи. 

Өкмөт башчы бул долбоор боюнча соттук териштирүүлөр уланып жаткандыктан, долбоорду баскыч менен ишке ашырып, каржылоону жергиликтүү бийлик органдарына жүктөө чечими кабыл алганын ырастады. Ошол эле учурда жыйында өкмөт Москвада өрттөн каза болгон кыргызстандык кыз-келиндердин балдарын социалдык жактан коргоого алуу жана жакындарына кенемте төлөп берүү боюнча жумуштар жүрүп жатканын маалымдады.