Жаңылыктар
Кыргыз-өзбек чек арасындагы жагдайдан Кыргызстандын 3 жараны каза болду
Чек ара
Кыргыз-өзбек чек арасындагы жагдайдан Кыргызстандын 3 жараны каза болду

Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 5-май күнү кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Актам айыл аймагынын Дөбө-Коргон жерлигинде Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлигинин чек арачылары Кыргызстандын үч жаранына курал колдонушкандыгын маалымдайт. Натыйжада Кыргызстандын үч жоокери жарадар болуп, Ала-Бука районунун ооруканасына жеткирилип, эсине келбей, алган октон улам каза болушкан.

Окуянын чоо-жайын тактоо максатында Кыргызстандын Ала-Бука багыты боюнча чек ара өкүлү дароо Өзбекстандын Янги-Курган багыты боюнча чек ара өкүлү менен жолугушуу өткөрүп, анда тараптар ички иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча жолугушууну бүгүн улантууну макулдашты. Келип чыккан окуя боюнча тиешелүү органдарга да маалымат берилип, тергөө амалдары башталды.