Жаңылыктар
Ысык-Көл: Көтөрүлгөн маяна, кубанычы көөдөнүнө батпаган дарыгерлер
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл: Көтөрүлгөн маяна, кубанычы көөдөнүнө батпаган дарыгерлер

50 пайызга жогорулаган айлыгын Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы балдардын реабилитациялык борборунун кызматкерлери алышты

Бул кызматкерлер тоолуу аймакта иш жүргүзгөндүктөн, айлык акысына кошумча төлөмдөр да жүргүзүлөт. Бул борбор жылына үч миңден ашуун тубаса шал оорусуна чалдыккан балдардын басып, кыймылга келүүсү үчүн аракет көрүп, чоң эмгек жасашат.

Реабилитациялык борбор жыл сайын үч миңден ашуун балдарды кабыл алып, бир, айрымдары эки сыйра даарылоодон өтүшөт. Жер алдынан чыккан табыгий суулар буту колу кыймылга келбеген бала үчүн дарылык касиети бар. Мындан сырткары дарылоо массажы, көнүгүүлөрдү жүргүзүү өзүнүн жакшы натыйжасын берүүдө. Буга ар бир медицина кызматкери күч аракетин жумшоодо.