Жаңылыктар
Ысык-Ата районунда кылкандуу дан эгиндери сугарылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Ата районунда кылкандуу дан эгиндери сугарылууда

Чүй өрөөнүнүн Ысык-Ата районунда кылкандуу дан эгиндери жана көп жылдык чөп өз тартиби менен сугарылууда. 

Дыйкандарды суу менен камсыздоодо эч кандай көйгөй жок, деп билдирди Суу чарба башкармалыгынын өкүлдөрү. Район сугат мезгилине даяр. Бул максатта районго бюджеттен 19 миллион сом бөлүнгөн.

Жалпысынан Ысык-Ата районунун ирригациялык системаларын оңдоого жана калыбына келтирүүгө 19 миллион сом бөлүнсө, райондук суу чарба башкармалыгынын эсебине 11 миллион сом которулган. Бул каражаттын 6 миллион сому өздөштүрүлгөн.

Ысык-Ата районунда жазгы сугат мезгилине даярдык кышында эле башталган. Өткөн кургакчылык жылдан сабак алган көпчүлүк жапатырмак аракет көрүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен дыйкандар биргелешип, арыктарды, суу сактагычытарды тазалап, ири каналдарда ремонт иштери жүргүзүлгөн. Райондо массалык сугат суу берүү 10-апрелде башталып, азыркы күндө дагы жер иштетүүчүлөр үзгүлтүксүз суу менен камсыздалууда.