Жаңылыктар
Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү аймактардагы согуш ардагерлерине материалдык жардамдарды тапшырышат
Кыргызстан жаңылыктары
Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү аймактардагы согуш ардагерлерине материалдык жардамдарды тапшырышат

Согуштун ардагерлерине мамлекеттин камкордугу уланууда.

Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү бүгүндөн баштап аймактардагы согуш ардагерлерине материалдык жардамдарды тапшырышат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Чүй облусундагы ардагерлерге барып, эрдигине таазим кылып, куттуктоолорун айтып, өлкө башчысынын атынан акчалай сыйлыктарды тапшырды.63 жылдан бери жубайы менен бирге түтүн булатып келе жаткан Николай Соколовдун жаштыгын кандуу согуш жылдары алды. Ал 16 жашынан баштап 7 жыл фронтто жүрүп 1951-жылы мекенине кайтып келген. Андан бери 77 жыл өтүп, жубайы Елизавета Соколова менен бир уул бир кызды тарбиялап, учурда төрт небере, беш чөбөрөлүү болгон.

Азыркы тапта өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун 90дой гана ардагери калды. Алардын ар бирине президенттин атынан 100 миң сом берилип, министрликтен 20 миң жана башка 8 категория боюнча ар тараптуу колдоо алып келишет.