Күздүн келиши менен кышкы жылытуу мезгилине даярдык кызуу башталды.
Өкмөт эң алгач ооруканаларды жана билим берүү мекемлерин отун менен камсыз кылуу аракетинде.
Ал эми Кыргызстанда көмүрдүн кору бир адамга 5 миң тоннага жакын көлөмдө туура келип, жалпы кору 2,3 миллиард тоннага чамалайт.
Көмүр кендерин ачуу иштери аяктап, көмүр тартуу иштери башталганын Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети билдирди.
Сүймөнкул Идирисов