Жаңылыктар
Бишкекте 9-майда өтүүчү "Өлбөс полк" иш-чарасы учурунда айрым көчөлөр жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте 9-майда өтүүчү "Өлбөс полк" иш-чарасы учурунда айрым көчөлөр жабылат

Бишкекте 9-майда өтүүчү "Өлбөс полк" иш-чарасы учурунда айрым көчөлөрдүн бөлүктөрү жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, иш-чара саат саат 9:00дө башталып, болжол менен саат 13:00 гө чейин созулат. Токомбаев көчөсүнүн Байтик-Баатыр көчөсү менен кесилишкен бөлүгү, Байтик Баатыр көчөсүнүн түндүктү көздөй Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгү, Жумабек көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү, Ибраимов көчөсүнүн Чүй кең көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Милициянын кайгуул кызматы шаар тургундарын жана конокторду иш-чара учурунда жогорудагы көрсөтүлгөн жолдорду эске алуу менен маршурттук каттамыңыздарды алдын ала пландап алууну суранат. 

"Ошондой эле иш-чара учурунда акредитациядан өтпөгөн массалык маалымат каражаттарынын окүлдөрүнөн учуучу аппараттарды (дрон, видео фото сүрөттөрүн) камтыган каражаттарды колдонбоого чакырабыз", - деп айтылат маалыматта. 

Белгиленгендей, иш-чаранын жүрүшүндө милициянын кайгуул кызматкерлери коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун толук кандуу камсыз кылат.