Жаңылыктар
Талант Мамытов согуш ардагерлерин куттуктап, жардам көрсөттү
Кыргызстан жаңылыктары
Талант Мамытов согуш ардагерлерин куттуктап, жардам көрсөттү

Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов 9-май Жеңиш майрамын утурлай Бишкек шаарында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Туркөнакун Бейшембаев менен Василий Пухаревдун үйүнө барып куттуктады.

Төрага Талант Мамытов ардагерлерди келе жаткан майрамы - Жеңиш күнү менен куттуктап, согуш учурунда көрсөткөн каармандыктары үчүн ага ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле ардагерлерге дөөлөттүү карылык, узак өмүр, бекем ден соолук тилеген Талант Мамытов Төраганын резервдик фондунан 30 миң сомдон акчалай жардам көрсөттү. Муну менен катар азык-түлүк баштыктарын тапшырды. Өз кезегинде ардагерлер келип кабар алгандыгы үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасына ыраазычылык билдирип, акыл-насааттарын айтуу менен бардык кыргызстандыктарга тынчтык, ынтымак жана биримдик каалашты.

Учурда уул-кыз, небере-чөбөрөлөрүнүн төрүндө, дөөлөттүү өмүр сүрүп жаткан 98 жаштагы Туркөнакун Бейшембаев согуш жылдары Украина, Беларусь, Венгрия, Молдавия, Чехословакия аймактарындагы кан күйгөн апаатка катышкан. Ага ылайык, көрсөткөн эрдиги үчүн Ата-Мекендик согуштун II даражадагы медалы баштаган бир катар сыйлыктарга татыган. Уулу Ишенбек Бейшембаев белгилегендей, ардагер согуштан кийин да жооптуу кызматтарда иштеп, өлкөнүн өнүүгүсү үчүн зор эмгек жумшаган.

Ал эми 99 жаштаган Василий Пухарев майданда аткычтар полкунда кызмат өтөп, Улуу Ата-Мекендик согуштагы каармандыгы үчүн бир катар орден, медалдарга ээ болгон.