Жаңылыктар
Бишкекте кыргыз-өзбек делегаттары чек ара маселесин сүйлөштү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте кыргыз-өзбек делегаттары чек ара маселесин сүйлөштү

5-7-май күндөрү Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоону уюштуруу жана укуктук маселелерин макулдашуу боюнча жолугушуусу өттү. 

Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик-техникалык документтердин долбоорлорун талкуулап, макулдашышты. 

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында Протоколго кол коюлду. Кийинки жолугушуу Өзбекстандын аймагында өтөт.