Жаңылыктар
Аталардын, апалардын өлбөс-өчпөс эрдиктери эч качан эстен чыкпайт
Кыргызстан жаңылыктары
Аталардын, апалардын өлбөс-өчпөс эрдиктери эч качан эстен чыкпайт

Фашизмдин баскынчылык согушунан куткарып, элдердин бактысы үчүн курман болгондорду эч ким, эч качан унутпайт. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, ооруктун эмгекчилерине майрам күнү гана эмес, дайыма кам көрүү - милдет. 

Бизге бейпил жашоо тартуулаган аталарыбыздын, апаларыбыздын катары ансыз да суюлуп баратканын белгилеген Президент Садыр Жапаров өчпөс отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерди.