Абдан таасирдүү учур. Катышуучулардын ар биринин колунда, баатырларынын портреттери - Жеңишти колунан келишинче жакындаткан аталардын элеси. Бишкекте “Өлбөс полк” жүрүшү өттү.
Элдин түгөнгүс агымы – бул күндү көрбөй калган, бирок Жеңишти күткөндөрдүн урпактары. Ар бир үй-бүлөнүн кичинекей мүчөсүнө чейин бабаларынын эрдигин унутпайт.