Жаңылыктар
Баткенде өткөн Көк бөрү турнирдин жогорку лигасын "Сары-Өзөн" командасы жеңип алды
Спорт
Баткенде өткөн Көк бөрү турнирдин жогорку лигасын "Сары-Өзөн" командасы жеңип алды

Баткен облусунда өткөн Көк бөрү боюнча республикалык турнирдин жогорку лигасын Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасы жеңип алды.

Команда финалда Таластан келген "Ынтымак" тайпасы менен бүйүр кызыткан беттеш өткөрдү. Кыл чайнашкан оюндун негизги бөлүгүндө эсеп 1:1 болуп чыкты. 

Мындан улам булиттер сериясы менен жеңүүчүнү аныктоого туура келди. Анын натыйжасында "Сары-Өзөн" 2:1 эсеби менен утуп, турнирдин чемпиону аталды. 

Бул ирет Көк бөрү мелдеши Баткендин Кадамжай районунун Халмион айыл аймагындагы ат майданда өттү. 

Беттештер жогорку жана биринчи лига болуп эки топко бөлүнгөн.