Жаңылыктар
Сотторду ротациялоо жемкорлукту азайтабы?
Кыргызстан жаңылыктары
Сотторду ротациялоо жемкорлукту азайтабы?

Ротация болгон жергиликтүү судьялар жаңы кызмат орундарында иштей башташты. 312 фемида өкүлүн аймактарга которуу боюнча жарлыкка Президент Садыр Жапаров 30-апрелде кол койгон.

Өлкө боюнча 312 фемида өкүлү ротацияланды. Жогорку соттун төрагасынын буйругу менен атайын комиссия түзүлүп, ар бир судья боюнча талдоо жүргүзүлгөн. Соттор которулган аймакта жашоосу үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан турак жай менен камсыздалды.