Жаңылыктар
ЕККУ Батыровду саясий максатта колдонуудабы?
Саясат
ЕККУ Батыровду саясий максатта колдонуудабы?

Кадыржан Батыровдун Европа Коопсуздук кызматташтык уюмунун жыйынында айткандары кызуу талкууда. Улуттар аралык жаңжалды тутандырган деп  айыпталган адамга эл аралык уюмдун сөз бериши коомчулуктун нааразылыгын жаратты. Батыров Кыргызстандагы соңку окуяларга баа берип, баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы экенин билдирген.

Кадыржан Батыровдун Кыргызстандагы демократияга ишенбөөгө чакырык жасап, Баш мыйзамды өзгөртүүгө жана өзүнүн качып кетишине байланыштуу жаңы кылмыш ишинин козголушуна нааразы экенин билдирип жатат. Анын бул айткандарына дароо жооп кайтарылган. Жыйынга катышкан Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Алмаш Алтымышева Батыровдун ЕККУ жыйынына катышышын сындады.

“Бизди айрым өлкөлөр менен уюмдардын Кадыржан Батыров  сыяктуу кылмышкерлерге байланыштуу позициялары нааразы кылат. Ал чет өлкөлөрдө  ээн-эркин жүрүп, эл аралык аянтчаларды улуттар аралык чыңалууну күчөтүү  максатында пайдаланып жатат. Бул абал ЕКУ түзгөн принциптерге доо кетирет”.

Жыйындан тартылган видеотасмадан Батыров сүйлөп жаткан учурда жанында укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова отурганын көрүүгө болот. Укук таануу илимдеринин доктору, талдоочу Кайрат Осмоналиев Европа Коопсуздук Кызматташтык уюму Батыров сыяктуу адамдарды саясий максатта колдонот деген пикирде. Ага Кыргызстандын өзүндө иш алып барган бей өкмөтчүлөр түрткү берип жатат деп эсептейт.

 

ЕККУнун соңку кадамын чагымчылдык деп баалады. Ал эми мурдагы вице-премьер министр Абдрахман Маматалиев ЕККУнун айрым жетекчилери Кадыржан Батыровдун июнь коогалаңына күнөөкөр экенине ишенбей жатат деп боолголойт. Тиешелүү мекемелер жетиштүү далилдерди жеткириши керек. Кадыржан Батыровго байланыштуу соңку окуя боюнча ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгү комментарий берүүнү кечиктирип жатат. Ал эми Кыргызстандын бийлиги окуяга өзгөчө маани берүүдө. Депутат Таабалды Тиллаев эл өкүлдөрүн ага саясий баа берүүгө чакырды.

Парламент аталган маселени кезексиз талкууламай болду. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага Кадыржан Батыровду качырууга Убактылуу өкмөттүн кызмат адамдарынын катыштыгын иликтөө тапшырмасын берген. Батыровго 2010-жылдагы улуттар аралык жаңжалды козуткан, баш аламандык уюштурган деген айып менен сыртынан өмүрүнүн акырына чейин абакка кесилип, мүлктөрү мамлекеттин эсебине өткөрүлгөн.

Калыгул Асамбаев