Жаңылыктар
Москвадагы өрткө байланыштуу 30 кылмыш иши козголду
Кыргызстан жаңылыктары
Москвадагы өрткө байланыштуу 30 кылмыш иши козголду

Бул туурасында Парламенттеги отурумда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков мигранттардын укугун коргоо боюнча көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат берип жатып билдирди. 

Анын айтымында, кандуу кырсыктын себептерин учурда 20 кишиден турган тергөөчүлөрдун тобу иликтеп жатат. Топту Москва шаарынын тергөө башкармалыгынын башчысы жетектөөдө. 

«Кыргызстандын ИИМинин Москвадагы өкүлчүлүгү, элчилик жана мамлекеттик миграция кызматы тергөө амалдары менен тыгыз байланышта иш алып барууда» - деп билдирди Жээнбеков. Эске салсак 27-августта «Печатный экспресс» басмаканасында өрт чыгып, анда иштеген 14 кыргыз жараны каза болгон.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118