Жаңылыктар
Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевге эстелик коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Көрүнүктүү мамлекеттик  ишмер Турдакун Усубалиевге эстелик коюлду

Көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевге “Ала-Арча” көрүстөнүндө эстелик коюлду Маркумду эскерүүгө Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов, Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жана маркумдун жакындары, үзөңгүлөш иштеген инсандар,жоро-жолдоштору менен замандаштары катышты. 

Cөз алып сүйлөгөндөрдүн баары Турдакун Усубалиевич көсөм, билги, аракетчил жана мээнеткеч сапаттары менен элине опол-тоодой эмгек калтырды деп эскерип, маркумдун арбагына багышталып куран окулду. 

Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиев былтыр 7-сентябрда 96 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнө салган. Өмүрү өрнөк саясий жана мамлекеттик ишмер чейрек кылым Кыргыз СССРин башкарып, мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түптөп кетти.




Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118