Жаңылыктар
Байкоочу кеңештин отурумунда КТРКнын ишмердүүлүгү каралды
УТРК жаңылыктары
Байкоочу кеңештин отурумунда КТРКнын ишмердүүлүгү каралды

КТРКнын Байкоочу кеңешинин кезектеги отурум болуп өттү. Анда каналдын контентин жана финансылык - чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн жумушчу комиссиясынын үч айлык, тагыраак айтканда май, июнь, июль айлары боюнча жасалган мониторингинин жыйынтыгы талкууланды. 

Жумушчу топко байкоочу кенештин мүчөлөрү Тамара Жаманбаева, Ирина Абдрахманова, Жеңишкүл Өзүбекова, Абды Сатаров кирип, эфирге чыккан бардык көрсөтүүлөрдү бир нече критерийлердин негизинде баалашкан. 

Мисалы, теманын актуалдуулугу, режиссердун, оператордун чеберчилиги, алып баруучулардын деңгээли жана башка критерийлер каралган.Ал эми экономикалык ишмердүүлүктү Сабыр Муканбетов текшерип, алдын ала жыйынтыктарды чыгарды. 

Байкоочу кеңештин төрайымы Жылдыз Бакашеванын айтымында, мындай мониторингдин негизги максаты - каналдын мазмундук сапатын жакшыртуу, жана финансылык чарбалык жактан ачык айкындыкты камсыз кылуу болуп жатат. 

Отурумда КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков, студиялар менен редакциялардын жетекчилери, финансы директору жана башкалар катышты. Жыйынтыгында Байкоочу кеңештин мүчөлөрү ар бир редакцияга жана менеджмент бөлүмүнө тиешелүү сунуштарын берди.




Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118