Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Москвада ЖККУга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин жыйынына катышат
Саясат
Президент Садыр Жапаров Москвада ЖККУга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин жыйынына катышат

Бүгүн Президент Садыр Жапаров Москвада ЖККУга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин жыйынына катышат. Саммитке катышуу үчүн мамлекет башчысы Орусиянын борборуна 15-майда барды. Мамлекет башчынын учагы "Внуково 2" эл аралык аэропортуна конду. Бул ирет ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын юбилейлик жыйыны өтөт. 

Иш-чара Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына арналган.