Жаңылыктар
Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолугушту
Саясат
Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров, 16-майда, Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Өлкөлөр лидерлери  кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын талкуулашты.

Россиянын Президенти тараптар ортосундагы мамилелер жалпысынан позитивдүү өнүгүп жатканын белгиледи.

Ал былтыркы товар жүгүртүүнүн олуттуу өсүшүн белгилеп, Россия Кыргызстандын товар жүгүртүүсүндө ишенимдүү биринчи орунда тураарын кошумчалады.

Владимир Путин ЖККУ саммитинин аянтында биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн багыттарын көзмө-көз талкуулоого мүмкүнчүлүк бар экенин канааттануу менен билдирди.

Президент Садыр Жапаров өз кезегинде Владимир Путинге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, дагы бир жолу Улуу Жеништин 77 жылдыгы жана өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.  

Садыр Жапаров Россия менен  бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууга даяр жана кызыкдар экенин билдирди.