Жаңылыктар
Ош шаарында алыш күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында алыш күрөшү боюнча  Азия чемпионаты өтөт

Ош шаарында 21-23-май күндөрү алыш күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш Сүйүмбаев атындагы стадиондо өтүп, ага 14 өлкөдөн: Афганистан, Индия, Индонезия, Иран, Кыргызстан, Казакстан, Түштүк Корея, Монголия, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Филиппин жана Япониядан жалпы 300 спортчу катышат. 

Чемпионатта 18 жаш жана андан жогору курактагы эркектер, кыз-келиндер арасында 24 комплект медаль ойнотулат. 

Чемпионаттын жыйынтыгы менен Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тандоо жүрөт.