Жаңылыктар
“Кумтөр” ишканасына тышкы башкаруунун киргизилгенине бир жыл болду
Кыргызстан жаңылыктары
“Кумтөр” ишканасына тышкы башкаруунун киргизилгенине бир жыл болду

Бүгүн “Кумтөр” ишканасына тышкы башкаруунун киргизилгенине туура бир жыл болду. Кыргыз экономикасынын флагманы болгон “Кумтөрдө” эмне өзгөрүүлөр бар?

Мындан туура бир жыл мурун, 17-майда “Кумтөргө” тышкы башкаруу киргизилип, компанияны Кыргызстан өз колуна алган. Ошол кезде бул кабар көпчүлүк үчүн күтүүсүз болуп, кендин келечегине тынчсыздангандар, өзүбүз иштете алаарыбызга ишенбегендер көп болду. Себеби “Центерра” ондогон жылдар бою “Кумтөрдөн” канадалыктар кетсе, кыргыз экономикасы кыйрап, өлкө кризиске тушугат дегенди байма-бай кайталап келишкен.