Жаңылыктар
Бүгүн музейлердин эл аралык күнү белгиленет
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн музейлердин эл аралык күнү белгиленет

Бүгүн, 18-майда Бишкекте Музейлердин эл аралык күнүнө арналган иш-чаралар өтөт. 

Мэриянын маалыматына караганда, Гапар Айтиевдин өнөркана-музейинде “Ачык эшик” күнү, Ольга Мануйлованын үй-музейинде живопись жана графика көргөзмөсү, Семён Чуйковдун мемориалдык үй-музейинде көргөзмө, мастер-класс уюштурулуп, сүрөтчү тууралуу даректүү тасма көрсөтүлөт, ал эми Аалы Токомбаевдин үй-музейинде коноктор үчүн “Манас” айтуу менен коштолгон экскурсия уюштурулат. Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде "Музей түнү" өтөт. 

Каалоочулар жаңыланган экспозициялар, көргөзмөлөр, спектаклдер менен таанышып, үлгү сабактарга катыша алышат. Музейлердин эл аралык күнү дүйнөдө 1978-жылдан бери белгиленип келет.