Жаңылыктар
Кыргызстанда бийик имараттагы өрттү өчүрө турган эки гана унаа бар
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда бийик имараттагы өрттү өчүрө турган эки гана унаа бар

Кыргызстанда бийик имараттагы өрттү өчүрүүгө ылайыктуу эки гана унаа бар. 

Бирок экөө тең ремонтту талап кылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди. 

Анын айтымында, буга чейин өлкөгө 58 өрт өчүрүүчү унаа алынган. Россия менен Кытайдан кошумча өрт өчүрүүчү унааларды алуу мерчемделген. Россиядан келүүчү унаалар кошумча автошатысы менен болот. 

Шамырканов аталган техникаларды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.