Жаңылыктар
Биримдиктин өнүгүү стратегиясы
Кыргызстан жаңылыктары
Биримдиктин өнүгүү стратегиясы

Видеокөпүрөнүн алкагында ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев, Евразия экономикалык биримдиги өзүнүн баа системасын иштеп чыгарын билдирди. Бул тема 26-майда Бишкекте өтө турган Евразиялык экономикалык форумдун секцияларынын биринде талкууланат. 

Глазьевдин айтымында, форумда: өз ара соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу; өнөр жай кооперациясынын жана агроөнөр жай комплексинин негизги багыттары; транспорттук артериялар жана энергетика; электрондук соода темалары да талкууланат. Видео көпүрөнүн жүрүшүндө Сергей Глазьев ЕАЭБ аймагындагы улуттук валюталардын курсу тууралуу да өз ойун ортого салды.