Жаңылыктар
Нөшөрлүү жаандын кесепети
Кыргызстан жаңылыктары
Нөшөрлүү жаандын кесепети

Эки күндөн бери тынымсыз жааган жаан Баткен облусунун Лейлек районундагы бир катар айылдарга зыян келтирип, сел суулары айылдын ички чарбалык жолдорунун жабылышына себеп болду. 

Жаратылыш кырсыгы адам өмүрүнө зыян тийгизген эмес, бирок элеттиктердин 300дөн ашуун мал-жандыктарын агызып кеткен.

Учурда кесепеттерин жоюу аракеттери көрүлүүдө.