21-майда саат 16:00 чамасында Айдаркен шаарчасынын Чечме айылында ири жол кырсыгы катталды. “Чечме” өткөрүү бекетинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылган. Акыркы күндөрү катуу жааган жаандан Баткен облусунун Кадамжай районунун Бөжөй айылында үйлөрдү сел каптап, селдин кесепеттерин жоюуга Ош шаарынан чыгышкан бул автоунаада, министрликтин кызматкерлери табигый кырсыктарды жоюу үчүн сел өтүүчү каналдарды тазалоо жана габион торчолорду орнотууга бараткан. Жол кырсыгынын кесепетинен 8 адам, анын ичинен ӨКМдин 2 кызматкери каза болуп, 7 адам жаракат алган.