Жаңылыктар
Дүйнөдө маймыл чечеги дарты жайылууда
Дүйнө
Дүйнөдө маймыл чечеги дарты жайылууда

Маймыл чечеги илдетин дүйнөдө 92 киши жуктуруп алган. Каза болгондор жок. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна шилтеме берип РИА Новости жазып чыкты.

Учурда дагы 28 кишинин анализи изилденип жатканы айтылды. "Бүгүнкү күндө бул оорудан каза тапкан бир да адам болгон жок", — деп жазылган уюмдун маалыматында.

ДССУнун соңку маалыматында бейтаптар ооруну илдет чыккан аймакка барып жуктурган эмес. Илдет адамдан адамга жукканы айтылууда. Бирок бул дагы такталып жатат. Маймыл чечеги Европа аймагындагы Бельгия, Франция, Германия, Италия, Португалия, Испания, Швеция жана Улуу Британия мамлекеттеринде катталууда. 

Бул илдет тууралуу Кыргызстандын Коронавируска каршы башкы штабы дагы маалымат тараткан. Анда маймыл чечегин адатта 16 жашка чейинки өспүрүмдөр көп жугузары жана оорудан 2-3 жуманын ичинде сакайып кетери айтылган.