Жаңылыктар
Түркмөнстанда аялдардын кийимине жана жүрүм-турумуна байланыштуу бир катар чектөөлөр кирди
Дүйнө
Түркмөнстанда аялдардын кийимине жана жүрүм-турумуна байланыштуу бир катар чектөөлөр кирди

Ашхабадда мамлекеттик мекемелердин аял кызматкерлеринен “көңүл бурдуруучу элементтери бар көйнөктөрдү кийбейм” деген тил кат алынып жатат. Мурдараак мындай талаптар башка аймактарда киргизилген. 

Айымдар мындан ары косметиканы колдонбошу керек. Аларга чачын боёго, тырмак жасатууга, джинсы шымдарды кийүүгө жана денесине чапташкан көйнөктөрдү кийүүгө тыюу салынат. 

Анын ордуна салттуу узун кийимдерди жана баш кийимдерди кийиши керек. 

Аялдар эгер чапталган тырмактары жана өстүрмө кирпиктери болсо, аны алып салууга, чачтарын кайрадан кара түскө боёшу керек. Андай кылбагандар иштен бошотулары айтылды. Бул чечимдер атайын буйрук чыкпай эле аткарылып жатат. 

Өлкө бийлигинен расмий тапшырма келген эмес. Аткаминерлер соңку чектөөлөр боюнча комментарий берүүдөн баш тартууда. 

Талаптарды аткарууну жергиликтүү бийликтер жана мекемелердин жетекчилери көзөмөлгө алып жатат.